Садыр Жапаров: Кыргызстан татаал маселелерди тынчтык жолу менен чечүү тажрыйбасын дүйнө менен бөлүшүүгө даяр

23-сентябрда Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебатында сүйлөгөн Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров өлкө татаал маселелерди чечүүдө топтогон тажрыйбасын дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

Ал Борбор Азияда туруктуу өнүгүү жана аймактык интеграция үчүн өлкөлөр тең укуктуу диалогго жана активдүү өз ара аракеттенүүгө муктаж экенин белгиледи.

Президент Кыргызстан тарыхый жана географиялык кыйын шарттарга карабастан коңшулар — Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечкенин эске салды. Бул процесс жогорку жана эксперттик деңгээлдеги узак сүйлөшүүлөр менен коштолуп, бардык тараптардын кызыкчылыктары эске алынганын өзгөчө белгиледи.

«Бүгүн Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек араларын достуктун, сооданын жана кызматташтыктын аймагы деп ишенимдүү айта алабыз», — деди Садыр Жапаров.

Ал бул мисал саясий эрк, урмат-сый жана диалог болгон жерде тынчтык орной турганын көрсөтөрүн, дал ушундай мамиле карама-каршылыктарды чечүүгө жана өнүгүү жолуна түшүүгө шарт түзгөнүн баса белгиледи.

Президент дүйнөдө курал-жаракка сарпталып жаткан 3 триллион доллардан ашык каражатты элдин жашоосун жакшыртууга, ачарчылыкты жоюуга жана экологияны оңдоого багыттоону сунуш кылды. «Аба — бардыгыбыздын орток байлыгыбыз. Дүйнөнүн кайсы бурчунда жашабайлы, бир аба менен дем алабыз», — деди ал.

Садыр Жапаров мамлекеттерди «кимдин куралы күчтүү» деген жарышууга эмес, «кайсы өлкөнүн табияты, абасы таза» деген атаандаштыкка чакырды.

Related posts

Ош шаарындагы алты адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгынын себеби айтылды

admin

Бомбанын үстүндө жашашканын билбей… Польшада үй-бүлө 80 жылдай бою жарылбаган снарядды таап алды

admin

Мектептеги каникул эмне үчүн кыскартылды? Министрликтин жообу

admin

Комментарий