КР УКМК: Балыкчы шаарында 1,8 гектар жер тилкеси жана мүлк комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Мурда «Балыкчы-Жүргүнчү» МАК жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишканасына тиешелүү болгон Балыкчы шаарындагы 1,8 гектар жер тилкеси жана мүлк комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды.
КР УКМК тарабынан, мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында «Балыкчы-Жүргүнчү» мамлекеттик акционердик коомунун жерлерин жана мүлк комплекстерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жеке тараптардын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы кампа имараттарын жана база түрүндөгү курулмаларын камтыган аянты 1,8 гектарды түзгөн жер тилкесине жеке менчик укугун берүүчү мамлекеттик актысын («Кызыл китеп») мыйзамсыз алышкандыгы аныкталган.
Аталган мүлктөр Ысык-Көл облустук мамлекеттик мүлк фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен түз сатуу жолу аркылуу жеке жактарга өткөрүлүп берилгени аныкталды.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган жер тилкеси имараттары менен бирге мамлекеттин менчигине кайтарылып, Балыкчы шаардык мэриясынын балансына өткөрүлдү.

Related posts

Чүйдө айыл аймагынын башчысы УКМКнын кызматкерине 50 миң сом берип жаткан жеринен кармалды 

admin

Кыргызстандын айрым банктарында рублдин курсу сомдон ашты

admin

Ташиев Достук айылынын Тажикстанга өтүшүнүн себебин түшүндүрдү

admin

Комментарий