Ташиев Чүй облусунун тургуну М.Кадыралиевге төрт бөлмөлүү үй тапшырды

Бүгүн, 2025-жылдын 18-октябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Кемин районунун Кайыңды айылынын тургуну, 42 жаштагы Мирбек Кадыралиевге жаңы курулган төрт бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды.

Эске салсак, М.Кадыралиев 2024-жылы оор жүк ташуучу унаа айдоочусу болуп иштеп жүргөн учурда кырсыктын айынан бир колун жоготкон. Натыйжада иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, үй-бүлөсү менен батирде жашап келген. Эмгек стажы жетишсиз болгондуктан, мамлекеттик пенсия алуу укугуна да ээ болбой калган.

2025-жылдын 25-августунда үч баланын атасы Мирбек Кадыралиев фейсбук социалдык тармагы аркылуу Президент Садыр Жапаров менен УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылган. Өлкө башчысы С.Жапаровдун жеке тапшырмасынын негизинде, генерал-полковник Ташиевдин көзөмөлү астында эки күн ичинде жаңы үйдүн курулушу башталган.

Бир ай ичинде бардык заманбап шарттары бар төрт бөлмөлүү үй толук бүткөрүлүп, бүгүн Кадыралиевдердин үй-бүлөсүнө тапшырылды.

Өз сөзүндө генерал-полковник К.Ташиев Мирбек Кадыралиевге бекем ден соолук каалап, жаңы ак өргөөсү менен куттуктады.

Жаңы үйдүн ээлери өлкө башчысы С.Жапаровго жана К.Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.

Үй тапшыруу аземинен кийин генерал-полковник Ташиев Кайыңды айылынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

Related posts

Айыл өкмөттүн орун басары УКМКнын кызматкерине 100 миң сом берүүгө шектелип кармалды

admin

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жашында дүйнө салды

admin

Депутат Эмил Жусуповдун мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз бергени айтылды

admin

Комментарий