Таласта “Хизбут-Тахрир” мүчөлөрүнөн курал жана экстремисттик адабияттар табылды

2025-жылдын 15-октябрында КР УКМК тарабынан Талас облусунда жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын жүрүшүндө, “Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами” экстремисттик уюмунун жашыруун мүчөлөрү аныкталып, алардын жашаган даректеринде тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул иш-чаралар КР Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин 2-бөлүгүнүн (“Экстремисттик уюмду уюштуруу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында ишке ашырылган.

Тинтүү маалында уюмга тиешеси бар 9 адамдын (алардын 7си мурда ушул беренелер менен соттолгон) жашаган жеринен диний мазмундагы экстремисттик адабияттар, ок атуучу жана пневматикалык куралдар, ошондой эле электрондук алып жүрүүчү түзүлүштөр (компакт-дисктер, флешкалар, планшеттер, мобилдик телефондор) табылып, алынган.

Азыркы учурда алынган буюмдар жана материалдар тиешелүү экспертизалардан өткөрүлүп, тергөө иштери улантылууда.

Related posts

Садыр Жапаров Владимир Путинду туулган күнү менен телефон аркылуу сүйлөшүп куттуктады

admin

Бишкектеги элчиликтин алдында шайлоочулардын кезеги пайда болду

admin

Ош шаардык казыятынын айланасында чоң чуулгандуу иш: кызматкерлер мыйзамсыз акча чогултуп турганы аныкталды

admin

Комментарий