УКМК: Ноокатта алдамчылыкка шектелген жактоочу кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Сот тутумундагы коррупциялык жана башка мыйзамсыз иштердин бетин ачууга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында КР УКМК кызматкерлери тарабынан Ноокат райондук сотунда кесипкөй ишмердүүлүк жүргүзгөн Ош облустук аймактык адвокатурасынын адвокаты Ж.К.Т. тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, жактоочу Ж.К.Т. кылмыш иши боюнча соттолуучуга юридикалык жардам көрсөтүп жатып, сот кызматкерлери менен байланышы бар экенин жана соттун оң өкүм чыгаруусуна таасир этүү мүмкүнчүлүгүн айтып, соттолуучунун атасын адаштырган. Бул «жардам» үчүн жактоочу  110 миң сом талап кылган.

2025 — жылдын 15-октябрында КР УКМК тарабынан чогултулган материалдар боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан Ж.К.Т.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда  «Алдамчылык» боюнча каралган кылмыштын белгилеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

2025-жылдын 16-октябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын  жүрүшүндө Ж.К.Т. акча алып жаткан жеринен кармалган. Андан соң ал КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул окуяга башка адамдардын дагы катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

КР УКМК соттук жана адвокаттык чөйрөдөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган комплекстүү чараларды ишке ашырууну улантууда.

Related posts

Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титиреди

admin

КР УКМК: КР Президентинин жакын туугандарынын атына жамынып жүргөн алдамчы жаран кармалды

admin

23-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

admin

Комментарий