Күн жылуу болот. 23-октябрга карага аба ырайы

Кыргызстандын аймактарында жакынкы күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, 23-октябрдан 25-октябрга чейин аба ырайы жылуу болот, бирок 28-октябрдан баштап айрым аймактарда температура -1 градуска чейин түшүшү мүмкүн.

23-октябрдан 25-октябрга чейинки болжолдуу абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн +3 … +8, күндүз +20 … +25 градус;

Талас жергесинде: түнкүсүн +3 … +5, күндүз +22 … +24 градус;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +10 … +12, күндүз +23 … +25 градус;

Ысык-Көлдө: түнкүсүн +1 … +6, күндүз +12 … +17 градус;

Нарын аймагында: түнкүсүн 0 … +2, күндүз +14 … +16 градус;

Ал эми Бишкек шаарында температура түнкүсүн +6 … +8, күндүз +22 … +24 градуска жетет.

Related posts

«Унаа» мекемеси ИИМдин карамагынан чыгарылып жатканы айтылды

admin

Бишкекте Telegram аркылуу синтетикалык баңгизат сатууга көмөктөшкөндөр кармалды

admin

ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгы боюнча 15 документ кабыл алынды  

admin

Комментарий