УКМК Вьетнам жарандарынын мыйзамсыз миграция каналын токтотту

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында «Д.В.С.» аттуу Вьетнам жараны кармалды. Ал материалдык пайда табуу максатында өзүнүн мекендештерин турист катары көрсөтүп, кийинчирээк аларды тигүү тармагына мыйзамсыз ишке киргизүү үчүн Кыргыз Республикасына алып келип, мыйзамсыз миграция каналын уюштурган.

Мындан тышкары, кармалган чет элдик жаран өлкө аймагында Түштүк-Чыгыш Азиядан келген мыйзамсыз мигранттарды калкалоо максатында этникалык кылмыштуу топ түзүүнү да ниет кылган.

Учурда кармалган жаран Бишкек шаарынын ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынып, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.

КР УКМК бардык чет элдик жарандарды улуттук мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.

Related posts

Чек арадагы тынчтыкты сактоо. Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту

admin

Бишкектеги хостелде чыккан мушташ: Свердлов райондук милициясына жаңы башчы келди

admin

Жогорку Кеңештин төрагасы фамилиясын өзгөрткөнүн жар салды

admin

Комментарий