Нарын шаарындагы откананын имаратын мамлекеттин балансына кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

КР УКМК тарабынан  тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында  «Нарын жылуулук менен камсыздоо»  муниципалдык ишканасына караштуу Нарын шаардык мэриясынын отканасы (Ленин көчөсү, “Б” 2-үй) 1992-жылдын январь айында аталган ишкананын кызматкери Ц.К.Х. аттуу жаранга сатылып кеткендиги аныкталган. 1994-жылдан 2018-жылга чейин откана бир нече жолу алмаштырылып, турак жай катары колдонулган.

Белгилей кетсек, откананы ишке киргизүү бир катар экономикалык жана социалдык маселелерди чечет, тактап айтканда, мамлекеттик бюджетке 14 154 196 сом үнөмдөйт, 3 202 307 кВт электр энергиясын сактайт, ошондой эле 288 абонентти жана 1 бала бакчаны жылуулук менен камсыздайт.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Э.К. отканасынын имаратынын азыркы ээси өз ыктыяры менен 5 сотых жер участогу бар объектти Нарын шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.

Related posts

Бүгүн 1-класска электрондук каттоо башталды 

admin

УКМК: Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Ы.Ж.С. эч жакка кетпөө жөнүндө колкаттын негизинде чыгарылды

admin

Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүүнү сунуштады

admin

Комментарий