Улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

Улуттар жана аймактар аралык кастыктарды козутууга багытталган провокациялык маалыматтардын жайылуусуна бөгөт коюу максатында жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарга жана социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда, “Instagram” социалдык тармагы аркылуу аймактар аралык кастыктарды жараткан “Т.И.К.” аттуу жараны, КР УКМК тарабынан КР КЖК 330-беренеси менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалып, Ленин райондук сотунун чечими менен ушул жылдын 21-ноябрына чейин №21 убактылуу кармоочу мекемесине киргизилген.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернет тармагында жогоруда көрсөтүлгөн сыяктуу фактылар КР мыйзамдарынын негизинде каралып, айыптуулар жоопко тартылуусун эскертип, КР УКМК жарандарды андай мүнөздөгү маалыматтарды жайылтууга жол бербөөгө чакырат.

Related posts

Бишкекте энесин сабап жаткан киши жардамга барган милиционерди кошо токмоктоду

admin

Коррупциялык схемаларды уюштурган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары кармалды

admin

Бишкекте 19 жаштагы ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзгөн делген жаран кармалды 

admin

Комментарий