КР УКМК: Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 80 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн ишин каржылоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн боюнча тиешелүү иш-чаралардын алкагында, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) туралуу К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо максатында жеке ишкерликтин өкүлдөрүнөн акча талап кылуу фактылары аныкталды.
Бул ишке байланыштуу жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагындагы 80 гектар жер мамлекеттик баланска кайтарылган.
Учурда КР УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Related posts

Казакстандагы шахтадагы жарылуу: Каза болгондордун саны 42ге жетти

admin

ЖОЖдордун биринде декандын орун басарын кармады, Ал студенттерден пара талап кылган

admin

Лукашенко унаасы от албаганы үчүн жыйынга кечигип кала жаздады

admin

Комментарий