УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Чүй облусунда КР УКМКнын кызматкери катары өзүн тааныштырып, жарандардын акча каражаттарын алдамчылык жолу менен ээлеп алган Н.Х.А. аттуу жаран кармалды.      Тактап айтканда, Н.Х.А. УКМКнын кызматкери катары өзүн тааныштырып, жарандарга белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн,  КР ИИМ өндүрүшүндө турган  кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча маселени чечүүгө жардам берүүнү убада кылып, 3 000 000 сом өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган.

Кийинчерээк, берген убадасын аткарбагандыгы   үчүн жаранга карызын кайтаруунун ордуна, шектүү жабырлануучуларга кысым көрсөтүп, «Кызмат адамына пара берүү боюнча» кылмыш ишин козгоо менен коркуткан.

КР УКМК Н.Х.А.нын алдамчылык аракеттеринен жапа чегиши мүмкүн болгон жарандарды КР УКМКнын Штаб-квартирасынын 0312-66-04-75, 0312-62-65-04 телефондоруна кайрылууну суранат.

КР УКМК коомчулуктан УКМК органдарына финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүү максатында жарандардын каражатын ээлеп алган мындай көз боемочуларга жана кылмыштуу аракеттерге ишенбөөгө чакырат.

Related posts

КР УКМК: Талас облусунда жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча жер комиссиясынын мүчөлөрү кармалды

admin

Лейлекте мыйзамсыз иштеген стоматологиялык борбордун иши токтотулду

admin

УКМК: Каттоо органынын мурдагы кызматкери Т.А.К. коррупциялык кылмыш жасоого шектелип кармалды

admin

Комментарий