УКМК: Республикалык психиатрия жана наркология борборунда коррупциялык схема аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунун соттук-психиатриялык эксперттеринин туруктуу коррупциялык схемасы аныкталды, тактап айтканда,  кызматкерлер КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга карата акчалай компенсация алуу үчүн «акыл-эси жайында эмес» деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүндүк беришкен.

Кылмыш ишинин материалдарынын алкагында  2025-жылдын ортосунда КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык психиатрия жана наркология борборунун алты эксперт-дарыгери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча айыпталган М.А.А. аттуу кыргыз жаранына эки жолу соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзгөнү аныкталып,  натыйжада, алар туугандарынан өзгөчө ири суммада 1,5 миллион сом алып, кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында соттолуучуга карата эки жолу «акыл-эси жайында эмес» деген корутунду чыгарып беришкен.  

2025-жылдын 10-декабрында аталган кылмыш ишинин алкагында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун 6 эксперт-дарыгери: 1950-жылы туулган А.Дж., 1966-жылы туулган Ш.Н.Т., 1969-жылы туулган Ч.Ю.В., 1971-жылы туулган К.Ж.Р., 1972-жылы туулган С.Л.Л., 1997-жылы туулган З.М.Д. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алар жогоруда айтылган 2 жолку соттук-психиатриялык экспертизаны жүргүзүшкөн.

КР УКМК аталган коррупциялык схемага тиешеси бар КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык психиатрия жана наркология борборунун башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча бир катар ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.

Related posts

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн

admin

Бишкекте бүгүнтөн баштап жылуулук өчүрүлөт

admin

 Бишкекте генерал А.Бакаев атындагы УКМК Академиясын ачылды

admin

Комментарий