Лейлектеги футболчу кыз-келиндер тууралуу даректүү кинонун бет ачары өттү. Сүрөттөр

Кечээ 15-декабрда Бишкекте Лейлек районундагы Көк-Таш айылынын футбол ойногон кыз-келиндери тууралуу «Башталыш» даректүү киносунун бет ачары өттү. Кинону испаниялык жана италиялык документалисттер Розер Корелла менен Стефано Обино тартышкан. Бүгүн ал фильм Бишкекте “Бир Дүйнө – Кыргызстан” адам укуктары кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу белгилүү журналист Сайрагул Дуулатова Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

«Ооба, достор, чек аралаш, алыскы айылдын кыз-келиндери 11 команда болуп футбол ойноп баштап, кантип ийгиликтерди жарата алганы, айылдын турмуш-тиричилигинен суурулуп чыгып, сергек жашоо образын жайылтууга салым кошкон, үй-бүлөлүк мамилелерди да бекемдеген айымдардын чыныгы, жасалмасы жок жашоосун чагылдырган кинону бир дем менен, каармандар менен кошо жашап, көрүп чыктык. Кинонун каармандары, футболчулар кайнене, келин жана кыздары. Алардын 30дайы Лейлектен атайын келип бет ачарга катышты. Кино тууралуу залдагы көрүүчүлөр жылуу пикирлерин билдирип, өз айылдарына да бул демилгени жайылтуу керектигин айтышты.
Албетте, жакшылыкты жайылтуу гана керек!» — деп жазган Дуулатова.

Кинонун демилгечиси Gazi Babaiarova бул идеяны ишке ашырууда жакындан жардам көрсөтүп, колдоо кылган Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысынын мурдагы орун басары Максатай Каримбердиеванын эмгегин өзгөчө белгилеп, баалап, ыраазычылыгын билдирди. Эскерте кетсек,  бул футболчу айымдарга президенттин Баткен облусундагы мурдагы өкүлү, генерал Абдикарим Алимбаев дагы ар тараптуу колдоо көрсөтүп турган.
Айымдардын мындай демилгесин дүйнөлүк коомчулукка алык чыккан Газбубу Бабаяровага Кыргызстан Аялдар Конгрессинин Баткен облусундагы өкүлү Паридахан Баетова эл аралык маанидеги «Лидер үчүн» медалын тапшырды.

Related posts

Дональд Трамп Американын алтын доору эми баштала турганын президент катары сүйлөгөн алгачкы сөзүндө билдирди.

admin

Шакиев: “Улуттук банк тармакка жаңылыктарды киргизүүсү кажет”

admin

“Лимонти” каймана аттуу кримтөбөлдүн бир тууганы кармалганы айтылды

admin

Комментарий