Манас шаарында үйүндө «черный ломбард» уюштурган аял кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө, А.Э.С. аттуу кыргыз жараны тарабынан мыйзамсыз сүткордук (ломбарддык) иши аныкталды.   Ал үйүнөн «черный  ломбард» деп аталган жайды иштетип, жылына 150 пайыздан ашык үстөк менен кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, ошондой эле баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар менен күрөөгө коюлган акчалай насыяларды берип турган.

Тактап айтканда, Ш.К.У. аттуу кыргыз жараны А.Э.С.дан 1 миллион сом карыз алып, ай сайын 150 000 сом пайыз төлөп турган фактысы аныкталган. Карызды төлөө мезгилинде А.Э.С. бир нече жолу Ш.К.У.нун мүлкүн опузалап, коркутуп-үркүтүү жолу менен тартып алууга аракет кылып, кечиктирилген пайыздарды төлөп берүүнү талап кылып, унаасын тартып алган. 2026-жылдын 4-февралында А.Э.С. 200 000 сом пайыз алып жатканда пара менен кармалган.

Жашаган жерин тинтүү учурунда кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорттору, өздүгүн тастыктаган күбөлүктөр, жер тилкелерине жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик документтер, күрөөгө коюлган зер буюмдар ж.б. табылган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө А.Э.С. күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө берген.

Тергөөнүн жыйынтыгында А.Э.С. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда анын мыйзамсыз аракеттеринин жабырлануучуларын, ошондой эле башка карыз алуучуларды жана күрөөгө коюлган мүлктүн ээлерин аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин алынган күрөө мүлктөр КР УКМК тарабынан мыйзамдуу ээлерине кайтарылып берилет.

Учурда КР УКМК мыйзамсыз сүткорлук менен алектенген, коомчулукка туура эмес шарттарда каражат берип, күрөөгө коюлган мүлктү өз пайдасына айландырып, ошону менен өзгөчө ири өлчөмдө киреше алып келген адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Related posts

Төрага Нурланбек Шакиев Түркиянын тышкы иштер министрин кабыл алды

admin

20-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

КР УКМК: Ош облусунун Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 452 миллион 100 миң сомдук 41 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий