Бишкекте Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Такталган, Ш.У.У. Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын акциздик товарлардын топторун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору болуп турганда, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке бухгалтердик компанияларга коммерциялык ишмердүүлүккө патент берүү боюнча консультациялык кызмат көрсөткөн.

Мындан тышкары, 2024-жылдан азыркы мезгилге чейин салык патенти боюнча көрсөтүлгөн кайра иштетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн чарба жүргүзүүчү субъекттен 600 миң сомдон ашык суммада каражат алып, бирок салык кызматкери иш жүзүндө салык төлөөчүлөрдүн бирдиктүү маалымат базасына кирбей калган жасалма патенттерди берип, каражатты өзүнө ыйгарып алган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 2025-жылдын 27-январында Ш.У.У. кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Бишкекте саммит өткөн күнү самокат тебүү чектелет

admin

КР УКМК: «Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү салык төлөөдөн качуу жана алдамчылык менен кармалды

admin

Жапаров Азия чемпиондоруна кандай белек тартуулады? (видео)

admin

Комментарий