Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
КР УКМК тарабынан жеке менчик автомектептердин ишиндеги коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында курсанттарды автомектептерге мыйзамсыз киргизүү боюнча коррупциялык схема аныкталды.

Тактап айтканда, бир катар автомектептердин жетекчилери уюшкан коррупциялык схема курамында аракеттенүү менен жарандарды Кыргыз Республикасынын аймагында болбогонуна карабастан окууга жасалма түрдө катташкан. Мыйзамсыз киреше табуу максатында каттоо аралыктан жүргүзүлүп, теориялык жана практикалык сабактар иш жүзүндө өтүлбөстөн, курсту ийгиликтүү аяктаганы тууралуу жасалма документтер таризделген.

Ошентип, жол кыймылынын эрежелерин билбеген же минималдуу айдоо көндүмдөрү бар адамдар расмий «окуудан» кийин Кыргыз Республикасына келип, окуу курсун аяктагандыгы жөнүндө сертификат алып, коррупциялашкан кызмат адамдарынын жардамы менен практикалык жана теориялык экзаменден өтүп, айдоочулук күбөлүк ала турган механизм түзүлгөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында санкцияланган текшерүү иш-чараларынын натыйжасында, чет өлкөдө жүргөндө жеке менчик автомектептерге окуучулардын системалуу түрдө кабыл алынгандыгын тастыктаган кошумча материалдар алынган.
Учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларын аныктоо, жоопкерчиликке тартуу жана кылмыш жолу менен алынган айдоочулук күбөлүктөрдү жокко чыгаруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.