Кыргызстанда 19 диний окуу жай текшерилип, 3 медресе жабылды

Кыргызстанда салттуу эмес диний агымдардын жайылышын алдын алуу максатында 19 диний билим берүү мекемеси текшерилип, алардын ичинен 3 медресе жабылды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Мекеменин маалыматына караганда, текшерүүлөр диний-экстремисттик жана башка радикалдык уюмдардын жашы жете электердин арасында азгыруу аракеттерине жол бербөө, ошондой эле мыйзамдык жана санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн.

Натыйжада, керектүү уруксат берүүчү документтери жок болгондуктан 3 медресе жабылып, аларга карата тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары башталган.

Мындан тышкары, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды одоно бузгандыгы үчүн 2 медресеге айып пул салынып, алардын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган. Дагы 4 медресеге майда кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берилген.

Айрым медреселердеги диний адабияттар тиешелүү текшерүүдөн өтпөй, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына кароого жөнөтүлгөн.

Ошондой эле окуучулардын арасында жетим балдар жана мигранттардын балдары бар экендиги аныкталып, бул тууралуу тиешелүү органдарга маалымат берилген.

УКМКда белгилешкендей, диний окуу жайлар мыйзам талаптарын жана санитардык-гигиеналык нормаларды так сактоого милдеттүү. Мындай текшерүүлөр мындан ары да системалуу негизде жүргүзүлөт.

Related posts

Иш күнү деп жарыяланган ишемби күндөр дем алыш болот

admin

Ысык-Көлдө аял 13 жаштагы уулу уурдалганын билдирген. Өспүрүм Чүйдө табылды 

admin

Сокулуктагы мунай зат сакталуучу жайдан өрт чыкты

admin

Комментарий