Ормон-Хан айыл аймагында мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузуулар боюнча мурдагы башчы кармалды

Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл аймагында мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузууларга байланыштуу 5 млн 699 миң сом зыян келтирилгени аныкталып, мурдагы башчы кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Мекеменин маалыматына караганда, коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзам бузуу фактылары катталган.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, 2025-жылы Ормон-Хан айыл аймагында мурдагы жетекчи А.Б.К.нын жетекчилиги алдында мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлүп, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» жана «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдардын талаптары бузулган.

Натыйжада, мамлекеттик бюджетке 5 млн 699 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени белгиленген.

2026-жылдын 31-мартында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ормон-Хан айыл аймагынын мурдагы башчысы А.Б.К. кармалып, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Related posts

Бишкекте аял 400 миң сомго алданып калган. Шектүү кармалды 

admin

Президент быйыл электромобиль чыгарчу завод ишке кирерин айтты

admin

Кыргызстанда жер титиреди

admin

Комментарий