КР УКМК: Жасалма жумушка орноштуруу фактысы аныкталды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жарандарды мамлекеттик мекемеге жалган (фиктивдүү) түрдө жумушка орноштуруу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, 2024-жылдын башында Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылынын тургундары О.А.О. жана Т.у.А. Куланак айылындагы «Тангабийке-Бердике» балдар бакчасына жумушка кабыл алынган.

Бирок, аталган жарандар жумушка кабыл алынган учурдан тартып өздөрүнүн эмгек милдеттерин аткарган эмес жана мезгил-мезгили менен Куланак айылынын чегинен узак убакытка чыгып кетип турушкан.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу) кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө О.А.О. жана Т.у.А. иш жүзүндө жумушка чыкпаганы аныкталды. Ошол эле учурда жумуш убактысын эсепке алуу табели жасалма толтурулуп, алар айлык акыларды үзгүлтүксүз алып турушкан.

Балдар бакчасынын директору Т.Т.Э. күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке келтирилген 750 000 сом өлчөмүндөгү зыянды толугу менен төлөп берди.

Related posts

Астанада жүрүп бара жаткан автобустан аял кулап түшкөн. Жүргүнчүлөрдүн реакциясы таң калтырат

admin

Бишкектин четинде кулаган аскердик тик учак кырсыгынан бир киши каза болгону айтылууда

admin

Камчыбек Ташиев шайлоо боюнча: «Добуш сатып албагыла»

admin

Комментарий