ТОГУЗ-ТООР РАЙОНУНДА ЖЕРДИ МЫЙЗАМСЫЗ ПАЙДАЛАНУУ ФАКТЫСЫ АНЫКТАЛДЫ

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Тоо районунда жер тилкесин мыйзамсыз басып алуу жана пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2026-жылдын 2-апрелинде КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Тогуз-Тоо районунда жерди өз алдынча басып алуу жана мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, чет өлкөлүк жаран жетектеген “Аврора-Тур” ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу менен 3,58 гектар жер тилкесин өз алдынча ээлеп алган. Буга чейин мыйзамдуу негизде болгону 0,10 гектар жер берилген.

Мыйзамсыз ээлеп алынган аймактарда тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз шагыл казуу жана майдаланган таш өндүрүү иштери уюштурулган. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 15 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында чет өлкөлүк жаран кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ишке тиешеси бар бардык адамдарды жана жагдайларды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери улантылууда.

КР УКМК жарандарды Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги караларын эскертет.

Related posts

Canon EOS M10’s Successor Rumored To Be Known As The M100

admin

Ташиев Кеминдеги төрөт үйүнүн курулушуна капсула салды

admin

ГКНБ задержал пакистанца и медработника Нацгоспиталя

admin

Комментарий