Стамбулдагы турнир: Мунарбек Сейитбек уулу чемпион аталды

Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Түркияда өткөн “Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament” эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Турнир Стамбул шаарында 29-марттан 5-апрелге чейин өттү.

Мунарбек Сейитбек уулу 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, бардык беттештерин ишенимдүү жеңиш менен аяктады. Алгачкы айлампада Өзбекстандын өкүлү Тилав Супоновду утту. Чейрек финалда австралиялык Дарси О’Мэллини жеңди.

Жарым финалда Германиялык мушкер Денис Бриль менен беттешип, аны 5:0 эсебинде утуп, финалга чыкты. Финалда украиналык Иван Завадскийди калыстардын бир добуштан чечими менен 5:0 эсебинде жеңип, турнирдин чемпиону аталды.

Related posts

10-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Садыр Жапаров: Кыргызстан Азербайжанды ишенимдүү дос жана өнөктөш деп эсептейт

admin

Жаан жаап карга айланат. 16-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

admin

Комментарий