Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 48 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан запастагы полковник Соодонбеков Искендер Маратбековичтин каза болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Соодонбеков И.М. 1978-жылы туулган. 1998-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетин «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча бүтүргөн. 2005-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин магистратурасын аяктаган.
Ал 2005-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарындагы кызматын баштап, УКМК системасында бир катар жооптуу ыкчам кызмат орундарында иштеп келген.
Кызматтык милдеттерин так жана жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн бир катар мекемелик сыйлыктар, ардак грамоталар жана башка мамлекеттик органдардын сыйлыктары менен сыйланган.
Кесиптештери аны жогорку деңгээлдеги офицер, жоопкерчиликтүү кызматкер жана өз ишине берилген инсан катары эскеришет.
Ал кызмат учурунда бир нече муундагы кызматкерлерди тарбиялап, кесиптик чынчылдыкты, адилеттүүлүктү, туруктуулукту жана мекенге берилгендикти үлгү катары үйрөтүп келген.
Соодонбеков И.М. боорукер, кең пейил адам, ишенимдүү дос жана мыкты жолдош катары жүрөктөрдө түбөлүккө сакталат.