Эки кызы менен 6-кабаттан кулап түшкөн келиндин жолдошу эки айга камакка алынды

Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда эки кызы менен 6-кабаттан кулап түшкөн келиндин жолдошу эки айга камакка алынды.

Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, 6-апрелде Ленин райондук сотунун чечими менен А. М. А. аттуу жаран 4-июнга чейин камакка алынды.

Эске салсак, 4-апрелде Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда аял киши эки кызы менен 6-кабаттан кулап түшкөнү маалымдалган.

Бишкек шаардык милициясынын маалыматына ылайык, 27 жаштагы Э.А. алган жаракаттарынан улам дароо каза тапкан. Ошондой эле анын 1 жаштагы кызы К.А. ооруканада чарчаган. Ал эми 5 жаштагы кызы Ж.А. жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Бул окуяга боюнча тергөө иштери башталып, өз жанын кыюуга жеткирүү фактысы аныкталган. Ага ылайык, Кылмыш жана жаза кодексинин (өз жанын кыюуга жеткирүү) 128-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

34 жаштагы М.А. кылмышка шектүү деп табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Related posts

Нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

admin

Тумандан улам «Ош» аэропортунда каттамдар кармалууда

admin

Айыл өкмөттүн орун басары УКМКнын кызматкерине 100 миң сом берүүгө шектелип кармалды

admin

Комментарий