Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодское айылындагы «Крепостное» көлмөсүнүн каршысында жайгашкан аймактан ок атуучу куралдар сакталган жашыруун жай аныкталды.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 23-апрелинде «А» атайын багыттагы кызматынын адистеринин катышуусунда жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана атайын каражаттар сакталган жашыруун жай табылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча төмөнкү предметтер: келип чыгышы аныкталбаган 2 ок атуучу курал, 1 колго жасалган курал, келип чыгышы белгисиз 3 граната, ар түрдүү калибрдеги 177 даана гильза жана ок-дарылар, ар кандай куралдарга тиешелүү 9 даана магазин, «Motorola» маркасындагы 3 даана радиостанция, ошондой эле башка предметтер жана атайын каражаттар алынган.

Колдо болгон оперативдик маалыматтарга ылайык, табылган буюмдар жоюлган К. Асанбек жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык болгон.

Учурда аталган жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды жана анын кандай максатта даярдалганын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.