Суу чарбасына жаңы дем: Кыргызстан менен Кытай маанилүү келишимге кол койду

4-августта Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай тараптын ортосунда маанилүү келишимге кол коюлду.

Келишимдин алкагында Кыргызстанга гранттык жардамдын негизинде 370 даана атайын техника жана жабдуулар жеткирилет. Алар ирригациялык каналдарды тазалоо, суу чарба объектилерин тейлөө жана айыл чарба жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртуу иштерине колдонулат.

Жаңы техника өлкө боюнча 7 облустук жана 40 райондук суу чарба башкармалыгына бөлүштүрүлөт.

Бул долбоор — Кыргызстандагы суу чарба тармагын жаңылоого, сууну натыйжалуу пайдаланууга жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам.

Related posts

Чүйдө кичи автобустун айдоочусу жүргүнчү менен мушташкан

mediaportalk

Төө-Ашууда таш кулап, буста келе жаткан 11 жаштагы кыз каза болду

mediaportalk

Олимпиадада Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт

mediaportalk

Комментарий