Улуттук коопсуздук органдарынын ардагери Раимжан Эшенкулович Эшенкулов дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, өздүк курамы жана Ардагерлер кеңеши улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, запастагы полковник Эшенкулов Раимжан Эшенкуловичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Раимжан Эшенкулович 1947-жылдын 27-апрелинде Өзгөн районунун Заргер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Ал 1974-жылдын сентябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн. Кызмат жолун ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкерден баштап, Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы кызматына чейин жеткен.

Раимжан Эшенкулович өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу тармагына көп жылдык эмгегин арнаган, жогорку кесипкөйлүгү жана жоопкерчилиги менен айырмаланган кызматкер болгон.

Анын жаркын элеси кесиптештеринин, ардагерлердин жана аны тааныгандардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Related posts

22-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

mediaportalk

Активист Илгиз Шаменов “Азия Моллдогу” окуя боюнча милицияда сурак берип чыкты

mediaportalk

УКМК: Сокулук районундагы «Аю» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды

mediaportalk

Комментарий