«Бийликти кетсин деген менен маселе чечилбейт»

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маеги коомчулукта ар кандай талкууларды жаратты. Айрым бир топтор Ташиев мырза бир аз эмоциясын тизгиндей жүрүгү керектигин жазышса, көпчүлүгү учурда өлкөгө темирдей тартип керектигин, мамлекеттик коопсуздугуна жооп берген адам катары ар бир айткан сөзүндө негиз бар экендигин социалдык баракчарына жазып чыгышты. Негизгиси, бардык тараптар мамлекетке дагы бир төңкөрүш кереги жоктугуна, стабилдүүлүк керектигине макул болушту.
Фейсбук колдонуучусу , журналист Дайырбек Орунбековдун постунда бул аргументтерди келтирет. (Өзгөртүүсүз беребиз)
Ташиев кайрадан талкууда калды. Ал, “ким мамлекетте баш-аламандык кылабыз, бийликти күч менен басып алабыз деген аракет кылса, күлүн көккө сапырып салабыз”-дептир. Ал киши эмоционалдуу, оюндагысын жашырбай айтып салмайы бар. Башкаларга окшоп ичинде ит өлүп жатса, сыртынан сыпайы маданият күтүп жылмалаӊдабайт.
Бирок достор, ар нерсенин кожоюну бар. Жумуртка басып жаткан тоок дагы алдындагы жумурткаларын коргойт, керек болсо ит дагы уясына жакын жолотпойт. Ал эми мамлекеттин дагы кожоюну болуш керекпи? Качанкыга чейин элибиз бийликти күч менен тартып алабыз деген арам ойлуулардын оюнчугу болуп жүрө бериш керек?! Мамлекет баш-аламандык чыгаргандардын, бийлик басып алуулардын сыноосун өткөрө бергидей полигон эмес го? Камчыбек Ташиев улуттун коопсуздугуна жоопкер милдетти аркалап жатат. Келгиле достор, дайым эле жумурткадан кыр издебей, тынчтыкка, бакубатчылыкка, коопсуздукка, туруктуулукка дагы тилектеш бололу!
Улам төӊкөрүш кылып, өрттөп, талап, адам каны төгүлүп, жаӊжалдашып жатып эмне муртка жеттик? Элдин тынтчыгын бузам дегендер болсо, алардын күлүн көккө сапырып жиберген мамлекеттик түзүлүш үчүн маанилүү.
Айрым батышчыл, “демократтар” абдан талкуулап жатышат. Силер үлгү кылган Америкада дагы мамлекеттин тынчтыгына шек келтиргендердин күлүн көккө сапырып жиберишет. Кошуна Өзбекстандын өнүгүп жатканына суктанып жатабыз, аларда дагы темирдей тартип бар, бир кезде баш аламандык кылабыз дегендердин “күлүн көккө сапырып” жиберишкен. Башкаларды сөз кылып суктанганда шилекейибиз куюлат, анан өзүбүз дайым эле талкуу кылган сөзүбүз “жазда бийлик алмашат окшойт, күздө бирдеме болот окшойт” дейбиз.
Дагы бир Фейсбук колдонуучусу Бактыгүл Бобуева болсо, «беш адамга кызмат жетпей,бийлик жакпай калса эле төңкөрүш деген туура эмес…Бул бийликти эл өзү тандады,эми жыйынтыгын да сабыр кылып күтүшүбүз керек…мага жакпай калды,,давай кетсин,,дей берген менен эч нерсе чечилбейт.Биз демократиялуу өлкөдө жашап жатабыз го, ар ким өз сунушун,ой пикирин маданияттуу түрдө эле жарыялап бийликке жардам берсе болот да. Элдин ой пикирин сөзсүз түрдө кабыл алып иштеп жатат..муну эч ким тана албайт.Чынында буга чейинки өлкө башчыларыбыздын бири дагы эл менен эсептешкен эмес,элдин арыз муңун уккан эмес.Төңкөрүштү коюп,биз адеп ахлактуулукту ,маданиятуулукту үйрөнсөк жакшы болмок..өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн сен же мен сөзсүз чоң кызматка барышыбыздын кажети жок» деп жазат.
Активдуу жаран Нурдана Бегим болсо, тамаша ирээтинде «Ташиев кыйын экен бирок, артынан айтпай, бетке эле айтып жатат» деп жазды.
Албетте, «күлүн асманга сапырам» деген сөздүн маанисин чукулагандар дагы болду. Бүгүнү күнү коо ревалюция, төңкөрүш менен маселе чечилбээрин, ал эми будуң чаң чыгарабыз деген топ бийликке, кызматка умтулгандар экендигин билип аңдап калгандыгы байкалат.

Кечээ, Улуттук Коопсуздук Кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев саясат кж басылмасына интервью берип, анда коррупцияга каршы күрөштө жарым жылда 8 млрд ашык каражат казнага түшкөнүн, бийлик алмаштыруу максатында нааразычылык уюштурууга эч кандай негиз жоктугун айткан. Ошондой эле ар кандай чагымчылдыктар орун алса, жообу болоорун белгилеген.

Related posts

15-16-май күндөрү Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет

admin

«КУМТӨР» ЖАҢЫ КӨПҮРӨЛӨРДҮ ОРНОТУУГА ЖАРДАМ БЕРДИ

admin

Малайзиянын премьери Кыргызстанга расмий сапар менен келди

admin

Комментарий