Ошто жеке ишкер менчик жер тилкесин мэриянын балансына өткөрүп берди

Ошто жеке ишкер Айдар Бакыев  600 м² менчик жер тилкесин  мэриянын балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын мэринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси, жеке ишкер Айдар Бакыев калаанын Араванская кичи районундагы 600 м² жер тилкесин мэриянын балансына өткөрүп берди.

Аталган жерди мэрия иретке келтирип, эс алуу жайын курууну пландоодо.

Related posts

7-апрелге карата аба ырайы

admin

Бишкектеги мектептерде суукка байланыштуу сабактын убактысы кыскартылышы мүмкүн

admin

«Акыркы сабактагы» Кутман менен Океана ата-эне болушту

admin

Комментарий