Кыргызстанда бир айда уйдун эти 17,5 сомго, койдун эти 5,6 сомго кымбаттады

Кыргызстанда бир айдын ичинде уйдун эти 17,5 сомго, койдун эти 5,6 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Алсак, республика боюнча орточо эсеп менен алганда июнда койдун бир килограмм эти 499,9 сом болсо, июлдун аягында баа 517,4 сомго жеткен.

Уйдун этине максималдуу чекене баалар Нарында (бир кг үчүн 546,1 сом), Бишкекте (530 сом), Балыкчыда (522,8) байкалган.

Ал эми өлкө боюнча жылкынын эти өткөн айга салыштырмалуу 14,8 сомго кымбаттаган (июнь – 449,5 сом, июль – 464,3 сом), койдун эти 5,6 сомго жогорулаган (июнь – 527,5 сом, июль – 531,1 сом).

Related posts

УКМК: Салык кызматынын кызматкерине пара берип жаткан чет элдик жаран кармалды

admin

13-январга карата доллардын курсу көтөрүлүп, күйүүчү май арзандады

admin

27-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий