Тоолуу аймактарда жаан жаайт. Кыргызстанда 8-августка карата күтүлгөн аба ырайы

 Бүгүн, 8-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Талас облусунда +25…+30, Баткен облусунда +31…+36, Ош, Жалал-Абад облустарында +31…+36, Ысык-Көл облусунда +22…+27, Нарын облусунда +23…+28 градус болушу күтүлүүдө.

Ал эми Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы +29…+31° жылуу болушу күтүлөт.

Related posts

Ноокендеги сел: Эвакуцияланган 300 турак жайдын тургундары үйлөрүнө кайтууда

admin

Жапаров Түркиядагы адам өмүрүн алган зилзаладан улам Эрдоганга көңүл айтты 

admin

«Катуу шамал үйүмдүн чатырын учуруп кетти» деген жарандын видеосу тарады

admin

Комментарий