Аймактарда жаан жаайт. Кыргызстанда 10 -августка карата күтүлгөн аба ырайы

Бүгүн, 10-августта эртең менен жана күндүз Чүй, Ысык-Көл облутарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Талас облусунда +25…+30, Баткен облусунда +30…+35, Ош, Жалал-Абад облусунда +30…+35, Ысык-Көл облусунда +24…+29, Нарын облусунда +24…+29 градус болушу күтүлүүдө.

Ал эми Бишкек шаарында эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен өткүн өтүп күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы +29…+31 жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү жогорку температурасы +33…+35 жылуу болушу күтүлөт.

 

Related posts

16-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

УКМК: М.И.Х. жана С.Ж.Х. аттуу жактоочулар кармалды

admin

КР УКМК: Токмок шаарынын тургунун сабаган топко шектелгендерди кармоо боюнча

admin

Комментарий