Блогер Ырыс Жекшеналиев эки айга камалды 

Жетим-Тоо кени тууралуу жалган маалымат боюнча кармалган “Полит Узниктин” администратору Ырыс Жекшеналиев Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. 

Биринчи май райондук сотунун чечими менен 19 жаштагы блогер тергөө абагына 14-октябрга чейин киргизилди.

Эскерте кетсек, “Полит Узник” баракчасына жарыялаган маалымат боюнча кылмыш иши козголуп, анын админстратору Ырыс Жекшеналиев ИИМдин тергөө кызматына чакырылган.

“Полит Узник” баракчасындагы жарыяланган эски видео кээ бир активисттердин жана башка адамдардын жалган жана так эмес маалыматтарды таратуучулардын кызыкчылыгы, ошондой эле Жетим-Тоо кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой-пикирди атайылап манипуляциялоого багытталгандыгы байкалат.

Аталган жагдайда кылмыштын курамы бар экендигине байланыштуу Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинин («Массалык башаламандык») 3-пунктуна («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш иши козголгон.

Related posts

Парламент комитети Кемпир-Абаддын суусун биргелешип башкаруу боюнча келишимди жактырды 

admin

Бишкек – Ош унаа жолуна түшкөн таштар тазаланып, жол ачылды

admin

УКМК: Баасы 18 млн. АКШ долларынан ашуун Ош шаарындагы «Ош-Нуру» мейманкана комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды.

admin

Комментарий