Феликс Кулов: «Ар бир жаран өлкөнүн келечегине кайдыгер болбошу керек!»

Бүгүн 31- августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө ээ болгондугуна 31жыл толот. Мамлекеттин көз карандысыздыгы кантип түптөлгөн? Ага кайсы окуялар себеп болгон? Бул темада көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, «Ар – Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов менен баарлаштык.

— Феликс Шаршенбаевич, саламатсызбы? Быйылкы жылы Кыргыз Республикасы мурдагы Союздук республикалардын катарында көз карандысыздыктын 30 жылдыгын белгилеп жатат. Сиз мамлекеттин эгемендүүлүгүн түптөгөн адамдардын

бири катары ошол окуяларга саресеп салып баяндап берсеңиз.

— Мен жеке өзүм үчүн Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыкты алган жылдарын эгемендүүлүктүн романтикалык доору деп атап алгам. Себеби, биз аны Кудайдын белеги катары эле алып калдык. Бул бизге күтүүсүз болгон. Башында ошол романтикалык маанай менен эле көп нерсеге жетебиз деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, кийинки окуялар көрсөткөндөй биздин дараметибиз да, акылыбыз да башыбызга келген ооматты татыктуу көтөрүүгө жеткен жок.

— 1991 – жылдын август айында ГКЧП тарабынан бийликти басып алууга аракеттер болгондо сиз Кыргыз Республикаснын суверендүүлүгүн колдогон жана коргогон күч структуралардын жалгыз өкүлү болдуңуз. Бул кадамыңыз туура болгондугун кийин убакыт тастыктады.

— 19 — августта Москвада Янаев башында турган ГКЧП (Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитети түзүлүп, алар пресс-конференцияда: «М.Горбачев (Ал кездеги СССРдин президенти) өлкөнү башкара албайт, андыктан бийлик биздин колго өтөт», — деген билдирүү жасашкан.

Бизди дароо эле президент Аскар Акаев кабинетине чакырды. Ал жерде Коопсуздук комитетинин башчысы Жумабек Асанкулов, парламент спикери Медеткан Шеримкулов жана мен бар элем. Акаев чечим кабыл алаардан мурда баарыбыздын оюбузду угууну туура көрүптүр. Генерал Асанкулов укук коргоо, прокуратура органдары, партия өкүлдөрү, ишканалардын жумушчулары, бардыгы ГКЧПнын чечимин колдоп жатышат деди.

Мен кол көтөрүп: «Мен бул ойго кошулбайм. Укук коргоо органдары ГКЧПнын чечимин колдобойт. Биз өзүбүздүн президентке баш ийип, анын буйругун аткарышыбыз керек», — деп айттым.

Жыйындан кийин Аскар Акаевге мамлекеттик маанилүү мекемелердин бардыгын коргоого алууга даяр экендигибизди билдирдим.

Анда кызыктай эле абал болчу. Бир эле имараттын 7-кабатында ГКЧПны колдогон Кыргыз СССРинин Комитетинин биринчи секретары маркум Ж.Аманбаев иш алып барчу. Ал имараттын түштүк тарабында отуруп, жарыгы жок караңгы түндүк тарабында өлкөнүн президенти Аскар Акаевдин иш бөлмөсү жайгашкан. Аларды Коопсуздук комитети кайтарып турчу. Мен мамлекет башчысынын коопсуздугуна өзүм кепил алаарым менен мага Москвадан генерал Фуженко чалып: «Демократия оюндары менен ойногонуңду токтот!» деди. Андан кийин, дароо эле Панфилов дивзиясынын башчысы Валентин Лукьянов да чалып: «Ак үйдү Кой-Таш тараптан оор артиллерия менен атып жок кылууга күчүбүз жетет!» деп коркутту.

Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин укук коргоо органдарын 28% ы Коммунистик партиянын мүчөлөрү болсо, калганы эч бир партияга катталган эмес эле. 1990-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы түзүлгөндө милиция кызматкерлеринин көбү ошол партияга кирүү ниеттерин билдире башташты.

Андыктан мен укук коргоо органдары эч бир партиянын катарында болбой, бир гана мыйзамга баш ийиш керек деген сунуш киргизип 17 -августта менин демилгем колдоого алынып, милиция кызматкерлери департизация болду. Бул окуядан кийин 19-августта ГКЧП окуясы болуп отурат. Эгерде милиция кызматкерлери партия катарынан чыкпаганда, окуя кандай өңүттө кетет эле ким билет?

Ошол убакыттагы жаштар бизди абдан колдошуп: «Колубузга курал — жарак берсеңер эгемендүүлүгүбүз үчүн кан-жаныбызды аябайбыз», — деп кайрылышты. Мен аларга: «Эгерде борборго танкалар менен куралданган аскерлер кирип келсе, силер аларга каршы турбай, кайра аларды гүл, нан менен тосуп алгыла. 18 жаштагы жаш балдар бул жерде душман жок экенин көрсө, силерди карай ок чыгарышпайт», — деген кеңешимди бердим.

Ошол эле убакытта бизде Балыкчыда аскер бөлүктөрү бар эле, эгерде ал жактан танкалар келе турган болсо, Боом капчыгайынан таш кулатып жолду жабуу сунушун киргиздим. Ал эми Кой-Таш тарапка болсо Афганистанда кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин мотоциклге отургузуп, анын коляскасына темир ломдорду салып коюуну сунуштадым. Эгер танкалар борборду көздөй келсе алардын дөңгөлөгүнө темир ломдорду салып иштен чыгаруу керек эле. Кант аэропортунан да учактар келип конбосун деп электр энергиясын өчүрүп, Манас аэропортунан самолёт конбосун деп бетон тосмолорду коюп ГКЧПнын аракеттерине каршы туурууга даярдык көрдүк.

Бул жерден баса белгилеп кетээрим – Кыргыз Республикасы Советтер Союзунан бөлүнүп чыккан эң алгачкы көз карандысыз эгемендүү мамлекет болгон. Бул чечимди эң биринчи ошол кездеги президент Аскар Акаев кабыл алган.

— Кыргызстан эгемендүүлүктү алган алгачкы жылдары кыргыз элинин, жеке сиздин кандай аруу ой-тилек, максаттарыңар бар эле? Ошол үмүттөр акталдыбы?

— Чынын айтканда, алгачкы жылдары кырдаал оор эле. Мурдагы Союз республикаларында чек ара деген түшүнүк жок эле. Кытай менен гана чек арабыз такталган. Жаңы мамлекеттин мыйзамдары кабыл алына элек…

Азыркыга чейин өкүнгөнүм — чек араларды тактоодо менин сунуштарымдын көбүн өлкө башчысы колдоого алган жок. Бир эле мисал, Союз тараган жылдары, Тажикистан менен Кыргызстандын ортосундагы формалдуу чек арада эки олконун ортосунда кандайдыр бир чектоо болсун деген ой менен кыргыз-тажик чек арасынын тилкесине биз тараптан кыргызча аталышы бар чайхана, ашкана, дукон, май куюуучу жайлар жана башка туйундор салынып, чек аралар толук такталганча бул кыргыздын жери экендиги ачык-айкын билинип турсун деген ой менен туштуктон 14 жеке ишкер менен суйлошуп, бул уюмдун атын «Улуттук Ар -Намыс» деп атадык. Андан кийин мен Аскар Акаевге кирип: «Аскар Акаевич, сиз ушул 14 ишкерди баардык салыктан бошотуучу чечим кабыл алып, колдоо корсотсонуз чек ара такталганча биз оз жерибизди ушундай жол менен болсо да белгилеп туралы», — деген сунушумду айттым да бул ишти дароо оз кызыкчылыгымды коздоп жатат деген создон оолак болуу учун: «Аскар Акаев бул жигиттер менен сиз жеке озунуз иш алып барыныз», — дедим.

3 айдан кийин Акаев бул чечимди жокко чыгарып: «Менин кенешчим Валерий Исидорович Левитинге барсаныз ал бул ишти туура эмес коруп жатат деди». Мен Левитинге кирсем ал мбул ишти мен озумо упай топтоо учун уюштурганымды айтты. Абдан кыжырым келип ошол жерден жиним менен бир топ ачуу создорду айттым.

Кийин 90-жылдары мага (ал кезде депутат эле) Эмомали Шарипович Рахмонов (учурда Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон) кайрылганда, тез арада чек ара маселесин чечели деп сунуш киргизгем. Тилекке каршы ал жылдары коншу олкодо жарандык согуш башталып, бул маселе арткы орунга жылып кетти.

Чынын айтканда 30 жыл аралыгында көп кемчиликтер, катачылыктар кетти. Балким мен да алсыздык кылдымбы, койгон сунуштардын аткарылуусун катуураак талап кылсам болмокпу деп ойлом. Окунгонум ошол кезде менин сунуштарым колдоо тапканда, чек ара маселеси , азыркыдай курч турбайт эле.

-Эгемендүүлүк жылдары эмнеге жетиштик,эмнени жоготтук?

-Чынын айтканда, көп нерсени жоготтук, колубуздан келе турган нерселерди аткарган жокпуз. Тактап айтканда, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы эйфорияга алданып, көп нерседен уттуруп жибердик.

Мисалы окууну жаны аяктаган жаш жигит алдыга сонун максаттарды коюп, бирок тагдырдын татаал сыноолорундун алдында алсыз болуп калгандай, биз да ошол абалга кептелдик.

-Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкты алгандан берки 30 жылда өлкөдө алтынчы президент иштеп жатат. Анын экөө революция окуяларынан кийин мамлекетти таштап качса, бирөө камакта отурат. Бешинчи президент сурак берип жатат. Сиздин оюңузча биздин мамлекет башчыларынын катасы эмнеде?

-Бул оңой эмес суроо…

Атамбаев оюндагысынын баарын ачык айткан өтө эмоционалдуу адам болгон, анын тегерегиндеги адамдар анын ишеничинен пайдаланып анын жашоосунда опурталдуу роль ойношту. Жээнбеков тууралуу айткан болсок… Ал таза адам, бирок анын чечкинсиздиги жана жакшы ойлорун, идеяларын ишке ашыра турган командасы жок болгондугу ишине тоскоол болду.

-Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевчи?

Аскар Акаев идеяларга абдан бай адам болчу. Бирок, ал оргуштаган ойлорун отуруп алып аткарып, анын аткарылышын талап кылууга дарамети жеткен жок. Буга анын мамлекеттик кызматтарда иштеген тажрыйбасынын жоктугу себеп болду. Ооба, ал мыкты илимпоз, окумуштуу, академик катары тажрыйбасы мол болгону менен, мамлекет башчылык кызматында бул тажрыйба аздык кылды. Ал глобалдуу масштабда алыскы келечекте ишке ашуучу нерселерди сунуш кылганы менен, аны аткарууга керектелген жөнөкөй нерселерге маани берчү эмес. Акаевдин айланасында мыкты кадрлардын, өзгөчө менчиктештирүү тармагында туура кеп кенеш берген адамдардын жоктугу аны аксатты.

Ал эми Бакиевге келсек ал өзүнүн туугандарына ченемсиз ыйгарым укуктарды ишенип берип, анын бир туугандары балдары мамлекетти каалагандай калчап турушту. Акыр аягы жаман бүттү. Канчалаган адамдар каза болушту, канча киши жакындарын жоготуп кан жутуп кала беришти. Акаевдин убагында да Аксы окуяcы тарыхка кара так салган эле.

Демек, бул адам баласы атак-даңк мансапка ашыкча көз каранды болуп, бийликтен кетпештин бардык жолдоруна барууга даяр болгондугунун арты жакшы болбостугун дагы бир жолу далилдейт. Андыктан, биздин муун кетирген каталарды кийинки келечек муундар, өзгөчө мамлекетти жетектеп турган адамдар кайталабаса экен дейм. Мага эч кандай кызматтын кереги жок, мен кызмат сурабайм. Бирок, жаштарга туура багыт берүүгө кеп- кеңешимди айтууга дайыма даярмын.

-Кыргызстандын келечегин кандай көрөсүз?

-Албетте, балдарың неберелериң бар болгондон кийин алардын келечегине, өлкөнүн келечегине кайдыгер карай албайсың. Балдар чет жерде билим алып кетиши мүмкүн. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эртеби-кечпи алар кайра мекенине кайтып келишет. Бирок, алар кандай өлкөгө келишет? Ал — биздин жоопкерчилигибиз. Мен погон тагынып, ант бергенде: «Менин милдетим мекенимди кашык каным калганча коргоо», — деп айткам. Андыктан Кыргыз Республикасы, Мекен деген түшүнүк мен үчүн куру сөз эмес.

Mediaportal.kg

Related posts

Роза Айтматова: «Керез жеңе бакыт алып келген “акжолтой” келин болду»

admin

Нургазы Нишанов: “Кыргызнефтегаз” ишканасы жыл санап өнүгүүгө багыт алууда”

admin

ГҮЛБАРА ИШЕНАПЫСОВА: “ КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ ВАКЦИНАЛАР АВГУСТТА ТОЛУКТАЛАТ”

admin

Комментарий