Бишкекте кайгуул кызматкери пара менен кармалды 

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек ИИБнин Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкери А.Б.Т.ны пара алып жаткан жеринен кармашкан.

ИИМдин Ички иликтөө кызматына Г.С. аттуу жаран патрулдук милиция кызматкери А.Б.Т. карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Ал жогоруда аталган жарандан жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартпоо сунушу менен андан зергердик буюм, тактап айтканда баасы 30 миң сомдук алтын шакегин пара түрүндө талап кылган.

А.Б.Т өзүнүн кызматтык абалынан жана ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды колдонуп, жаран Г.С.ны зергер буюмдарын жасоонун чебери экендигин билип туруп, аны пара берүүгө аргасыз кылган.

Учурда Бишкек ИИБнин патрулдук милиция башкармалынын полкунун взвод башчысы А.Б.Т. шектүү катары кармалып Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Related posts

Депутат Түлөбаев: «Зулушев туугандарына да карабай, өлкө үчүн жакшы иштеди»

admin

23-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

КР УКМК: Чүй облусунун Сокулук районундагы 400 гектар жерди мамлекеттик баланска кайтаруу жөнүндө

admin

Комментарий