Казан жана Санкт -Петербург шаарларына Кыргызстандын консулдугу ачылат

Кыргызстан Орусиянын Санкт-Петербург жана Казань шаарларына консулдугун ачууну көздөөдө. Буга байланыштуу сунуш Орусия тарапка берилгенин бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясы жана «Элдик» депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.

«Соңку учурда бул өлкөдөгү биздин жарандардын саны өсүп жатат. Биз көрсөтүп жаткан кызматтардын дагы саны өсүүдө. Жакын арада айдоочулук күбөлүк бергенге мүмкүнчүлүк болду, мурда жалпы жарандык паспорт берилсе, азыр ID картаны берип жатабыз. Ошону менен катар биздин кызматкерлердин саны жетишсиз болууда. Азыр эки шаарда башкы консулдук ачуу боюнча берген сунушубуз Орусия тараптын кароосунда турат. Жакын арада жооп беребиз деп убада беришти. Юристтердин санын көбөйтүү боюнча дагы сунуштар бар, бирок бул каражатка келип такалат», — деди министрдин орун басары.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны эмгек мигранты болуп жүрөт. Буга чейин парламенттин жыйынында депутаттар элчиликте мигранттарга керектүү жардам көрсөткөн кызматкерлер жана юристтер жетишпей жатканы тууралуу маселе көтөрүшкөн.

Бул өлкөдө 3-сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирген. 

Related posts

Айыл чарба министрлиги ичтеги дана сырттагы жарандарга кунарсыз жерлерди өздөштүрүнү сунуштайт

admin

Сузактагы кыздар медресесинде өрт чыгып, 2 кыз ооруканага жеткирилди 

admin

Ошто 5 жашар кыздын бетине сайылып калган кайчыны дарыгерлер алып чыгышты 

admin

Комментарий