Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду

 Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.

Махмудов 77 кг салмакта мелдештин тандоо турунан, башкача айтканда, 1/16 финалынан баштап катышты. Ал финалга чейин бразилиялык балбанды 11:1, мексикалык спортчуну 8:0, түркиялык спортчуну 9:7 жана кореялык балбанды 4:1 эсебинде жеңген.

Финалда Акжол венгриялык Золтан Леваиге каршы килем үстүнө чыкты. Күрөш башталары менен кыргыз балбаны атаандашын эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Акжол Махмудов буга чейин Токио Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси жана Азиянын эки жолку чемпиону (2018, 2022-жылы) болгон.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

 Булак: Кабар

Related posts

КР УКМК Төрагасынын кубогу үчүн спорттун оюн түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада аяктады

admin

Шайлообек Атазов “Сорос” фонду баштаган бейөкмөт уюмдарга нааразычылыгын билдирип жаткан патриотторго ыраазычылыгын билдирди 

admin

Нукенованын өлүмү: Бишимбаев 24 жылга эркинен ажыратылды

admin

Комментарий