Доскул Бекмурзаевге карата 2 кылмыш иши козголду

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Атап айтканда, 2021-2022-жылдары энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Өзбекстан жана Россияга болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилген.

Мындан тышкары, Доскул Бекмурзаев кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, “Теплые ключи” ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо «Б.» ЖЧКга жалпысынан 15 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Натыйжада энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекеттин жана жеке жактардын кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, аларга ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Related posts

Кыргызстанда Борбордук Азиядагы миграцияны кыскартууга багытталган  эл аралык хаб ачылат

admin

ТИМ: “Израилде жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок”

admin

Бишкекте өлтүрүлгөн үй-бүлө: милиция жаңы жагдайларды айтып берди 

admin

Комментарий