Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине, ошондой эле 89-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Бекмурзаев Доскул Жумагулович тергөө мезгилине Кыргыз Республикасынын энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголгондугун билдирет.

Related posts

Бишкекте жаңы №101 автобус каттамы ишке кирди

admin

Ташиев: Алар бизнесмендер эмес – уурулар!

admin

Стамбулдагы турнир: Мунарбек Сейитбек уулу чемпион аталды

admin

Комментарий