Садыр Жапаров: Кыргызстан Азербайжанды ишенимдүү дос жана өнөктөш деп эсептейт

М

«Кыргыз Республикасы эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана Азербайжанды ишенимдүү дос жана өнөктөш деп эсептейт», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отурумунда сөз сүйлөп жатып.

Ал кыргыз-азербайжан кызматташтыгы ыкчам өнүгүп жатканын, эки өлкөнүн ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок экенин терең канааттануу менен баса белгиледи.

«Биз саясий диалогду бекемдөөгө, экономикалык тыгыз байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө, анын ичинде ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, эл аралык аянтчаларда өз ара жигердүү алака-катышта болууга, ошондой эле мындан ары маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багыт алдык.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөлөрүндө келечектүү жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Ошону менен бирге бир катар актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер, анын ичинде тынчтыкты сактоо, коопсуздукту камсыздоо жана жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча толук өз ара түшүнүшүү жана орток позициялар бар», — деди ал. 

Садыр Жапаров эки тарап биргелешкен күч-аракет менен эл аралык уюмдардын жана аймактык бирикмелердин алкагында конструктивдүү кызматташууну мындан ары өнүктүрө аларына ишенимин билдирди.

«Эки өлкөнүн ортосундагы кылымдардан бери келаткан жалпы тарыхка, каада-салтка, тилге жана маданий-руханий мурастарга негизделген достук байланыштар менен боордоштук мамилелер мындан аркы өнүгүүгө өбөлгө болуп берерине эч шегим жок.

Бүгүн кол коюлган документтер өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты андан ары да кеңейтип, бекемдейт деп ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Related posts

УКМК: КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын кош бойлуу кызматкерин сабаган деп шектелип Б.А. аттуу жаран кармалды.

admin

Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 6 баллга жер титирөө катталды

admin

Жапаров министрлерге: адилеттүү иштей албасаңар арыз жазып кеткениңер оң

admin

Комментарий