19-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 8…13, күндүз 10…15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 11…13 градус болот.