Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 7 жаран кармалды 

Бишкекте көңүл ачуучу жайлардын биринде адам өлтүрүүгө шектелип 7 жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 17-октябрда болжол менен түнкү саат 01:15те «102» кызматына эс алуучу жайлардын биринде киши колдуу болуп каза болгон жаран тууралуу билдирүү түшкөн.

Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, азият түспөлүндөгү болжол менен жашы 30-35 курактагы жарандын киши колдуу болгондугун аныкташкан.

Ыкчам кармоо иш-чараларын жүрүшүндө кылмышка шектелген жети жаран кармалган: 1990-туулган А.А., 1995-жылы туулган А.Д., 2002-жылы туулган О.А., 1974-жылы туулган А.Л., 1998-жылы туулган А.А. (кыздар) жана 1992-жылы туулган А.Н., 2000-жылы туулган С.У., (балдар).

Шектүүлөр Свердлов райондук милициясынын Тергөө кызматына жеткирилген.

«Шектүүлөрдүн айтымында, адам өлтүрүү мушташуудан улам келип чыккан. Тагыраагы, маркум чогуу отурган бир кызды сабап салгандыктан, ал башка жарандардын катышуусу менен топтошуп, ошол жаранды өлтүрүшкөндүгүн айтышты», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Свердлов райондук милициясы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Related posts

«Дордойго» барат. 18-октябрдан тартып Бишкекте №226 автобус каттай баштайт

admin

Садыр Жапаров «Бир Планета Саммитине» катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти

admin

КР УКМК: Бишкекте мыйзамсыз радикалдык диний ячейканын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

admin

Комментарий