Иманкулов: Жапаров Путинге кыргыз-тажик чек арасы боюнча ортомчу болушу үчүн кайрылган

Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге кыргыз-тажик маселесин жөнгө салууда ортомчу болушу үчүн кайрылган. Бул маалыматты Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов радионун эфиринде айтты.
Анын айтымында, Астанадагы жолугушуу ийгиликтүү өттү.
«Ачык сүйлөшүү жүрдү. Анын [Садыр Жапаров тууралуу] чек ара боюнча башкы позициясы — стол үстүндө сүйлөшүп, тынч жол менен чечүү. Мындан ары дагы ушул принципте болобуз. Че арадагы чечилбеген маселелер чек арадагы жаңжалга, агрессияга алып келет. Ал (президент С.Жапаров) ошону айтты», — деди Иманкулов.
Президенттер Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун Астанадагы жолугушуусунун негизги бөлүгү жабык эшик артында өткөн.
Буга чейин Султанбаев биргелешкен жыйын Орусия лидери Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулганын билдирген болчу.

Related posts

Бишкекте «Мыкты айдоочу» сынагы өттү. Аны ким жеңди?

admin

Алымкадыр Бейшеналиев Исламабад шаарында Глобалдык саммитке катышууда

admin

КР УКМК: Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча кармалды

admin

Комментарий