Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда бардык унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди 

Нарындагы Кубакы ашуусунда аба ырайы турукташканга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда бардык унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Учурда Кубакы ашуусунун айланасындагы жолдордо жааган кардын калыңдыгынан бардык унаалардын кыймылына чектөө киргизилип, каттам Балыкчы шаары аркылуу уюштурулду. Ошондой эле Чүй облусунун Төө-Ашуу, Талас облусунун Өтмөк жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бел ашуулары аркылуу каттамда оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына дагы чектөөлөр алына элек. 

Аталган ашууларда жолду тазалоого бардык керектүү техникалар тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүүдө. 

“Жогоруда көрсөтүлгөн ашуулар аркылуу каттамдагы айдоочуларды унаанын дөңгөлөгүнө тагылчу чынжырды алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого, тыгын болгон жерге атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөгө жана унаалардын ортосунда 500 метр коопсуз аралыкты сактоого чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Бишкекте уурдалган 3 жаштагы кыз. Аны издөөгө 800дөн ашуун милиция кызматкери тартылган

admin

Бишкекте кайгуул кызматкери пара менен кармалды 

admin

Баткен: чек ара жаңжалында талкаланган үйлөр толук курулуп бүткөнү айтылды

admin

Комментарий