Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда кооптуу таштар кулатылат

24-октябрынан 28-октябрына чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан маалымдайт.

Маалыматка ылайык, иштин башталышы керектүү адамдык, техникалык каражаттарды жана механизмдерди даярдоо менен автотранспорттун жана темир жолдун кооптуу участокторун тосуу аркылуу жүргүзүлөт.

«Иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМдин жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

Related posts

Бишкекте 6-кабаттан 23 жаштагы кыз кулап, каза болду

admin

КР УКМК: Курулуп жаткан «ПП» турак үйүнүн жер төлөсү (цоколдук жайы) мамлекетке өткөрүлүп берилди.

admin

Шарапаткан Мажитова: “Баткен облусуна аскердик госпиталь уюштуруу зарыл”

admin

Комментарий