Кеминдеги Ильич айылына жаңы бала бакча курулат 

Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айылына жаңы бала бакча курууга 83 млн 559 миң 637 сом бөлүндү.

24-октябрда Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Мамлекеттик сатып алуулар порталынын сайтына куруучу компанияны тандоо боюнча тендер жарыяланды. Сынак 9-ноябрга чейин созулат.

Бала бакча канча орунга эсептелгени такталган эмес. Маалым болгондой, курулуш иштерин бүтүрүү мөөнөтү подрядчы менен келишим түзүлүп жатканда талкууланып, 30-декабрга чейин долбоорго каралган бардык сумма бир маалда анын эсебине которулат.

Related posts

Эми дагы бир тапшырма бар, — Камчыбек Ташиев базарлардагы контейнерлер боюнча

admin

ӨКМ: Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

admin

15-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий