Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кечинде президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев;

— Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.

Related posts

Кыргызстан курулуш иштеринин көлөмү боюнча ЕАЭБде лидер болду

admin

Ооганстандагы жер титирөөдөн 500гө жакын адам каза болду

admin

Президент: «Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракеттери менен тартип орноду»

admin

Комментарий