Кыргызстанда 1 жумада 53 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда бир жумада 53 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Алардын ичинен 14 адам ооруканага жаткырылган, 39у амбулатордук дарыланууда. 30-октябрга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул республикада COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирет.

Related posts

УТРКнын башкы директору болуп Болотбек Тиллебаев дайындалды 

admin

Садыр Жапаров Тажикстандын баскынчылыгына жүзүкаралык агрессия деген баа берди

admin

Тажикстан менен суу, энергетика объектилерин пайдалануу макулдашуусу ратификацияланды

admin

Комментарий