Парламент комитети Кемпир-Абаддын суусун биргелешип башкаруу боюнча келишимди жактырды 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча кыргыз-өзбек келишимин жактырды.

Маалыматтарга караганда, жети эл өкүлү макулдашууну колдоп, комитеттин төрт мүчөсү добуш берген эмес.

Келишим долбооруна ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстан суу сактагычты башкаруу боюнча биргелешкен ишкана түзүшөт. Ага Кыргызстандан 12, Өзбекстандан 12 адам катышат.

Related posts

Сүттүн майлуулугуна жараша баасы аныкталат…

admin

COVID-19. Кыргызстанда кайрадан бет кап тагынуу сунушталды

admin

Чүйдө көлмөгө 11 жаштагы бала чөгүп кетти

admin

Комментарий