Бишкекте көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатылууда 

Бишкекте бүгүндөн баштап көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатылат. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кече кенинен чыккан көмүрдүн баасы 4 миң сомдон сатылат жана бир адамга эки тонна берилет.

“Бишкектин тургундары “Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан уюштурулган жайлардан таңкы саат 9:00дөн баштап арзан көмүр сатып ала алат. Арзан көмүр саткан жерлерде кызыл түстөгү баннерде жазуу турат”, — дейт ал.

4 миң сомдук көмүр сатылган жайлардын даректери:

1. Мурманский көчөсү, 126,

2. Айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилиши;

3. Айланма жол менен Киргизская көчөсүнүн кесилиши;

4. Достоевский көчөсү, 97.

Related posts

«Реал Мадрид» 15-жолу Чемпиондор Лигасын жеңди

admin

Маданият министрлиги «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды

admin

23-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий