Жаан жаайт. 4-ноябрда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы 

Кыргызгидромет борбору 4-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9…+14, Талас облусунда +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +8…+13, Ысык-Көл облусунда +8…+13, Нарын облусунда +5…+10 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +12…+14 градуска чейин көтөрүлөт.

Related posts

Улуу Британиянын падышасы Карл III каза болгонун жазышууда

admin

Садыр Жапаров Америкада БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору менен жолугушту

admin

Эркин күрөш боюнча курама команда Түркиядагы эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

admin

Комментарий